ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 9 мектеп карантинге жабылды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, калаанын 9 мектеби карантинге жабылды.

Бул жумада борбор тарабынан калаанын бардык райондорунан 34 мектеп текшерилген. №№ 6, 12, 22, 28, 40, 57, 79, 61, 66   мектептеринде 30 пайыздан ашык окуучу сасык тумоо менен ооруганына байланыштуу сабактарга катышпай жатышат. Буга байланыштуу бүгүндөн баштап дүйшөмбүгө чейин окуу процессин 5 күнгө токтотуу токтому чыгарылды. Медиктер башка жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын сабактарга келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүүдө.


Калган мектептер боюнча чечим Бишкек шаарынын мэриясынын координациялык комитетинин жыйынынан кийин кабыл алынат.