ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө арналган акция өткөрүлөт

1-декабрда саат 12:00до «Бишкек Парк» соода-оюн-зоок борборунда Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ-СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрүлөт.

Акцияны Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда  КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык СПИД борбору жаштарды жана шаар тургундарын аталган көйгөйгө көңүл бурдуруу максатында өткөрүүдө.


Акциянын катышуучуларына белгилүү артистердин, чыгармачылык топтордун катышуусунда концерттик программа тартууланат. Ошондой эле «Коопсуздук маршуту», «Баңгизат - өлтүргүч» көргөзмөлөрү уюштурулат. Борбордун унаа токтотуу жайында медициналык көчмө комплекс жайгаштырылган. Каалоочулар эспресс-тесттен өтүшсө болот.


Маалымат: азыркы учурда Кыргызстанда ВИЧ-СПИД жуктурган 6 миң 617 адам, анын ичинен – 1 миң 23 адам Бишкекте жашайт.