ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «2030-жылга жылуулук, электр, газ, суу жабдуулары схемасы» долбоорун иштеп чыгуу боюнча жыйын өткөрүлдү

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын имаратында «2030-жылга жылуулук, электр, газ, суу жабдуулары схемасы» долбоорун иштеп чыгуу боюнча техникалык жыйын өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын башкы планын чечимдерин актуалдаштыруу жана деталдаштыруу максатында Бишкек шаарында жылуулук, электр, газ, суу жабдуулары схемасы иштелип жатат. Схемалар техникалык долбоорлордун түзүлүштөрүн жана инженердик түйүндөрдү камсыздоону иштеп чыгуунун негизи болуп саналат.

Башкы долбоорчу «Бишкекбашкыархитектура» МИ шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоордук институту.