ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясы күч алды

«Спутник Кыргызстан» маалыматтык агенттигинде  «Бишкек шаарында  сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал» аталышта басма-сөз жыйыны өткөрүлдү.

Басма-сөз жыйынга Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун ооруларды алдын алуу боюнча департаментинин директору Артур Буюклянов, Шаардык медициналык тез жардам станциясынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов, №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гульнар Жанабилова жана Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева катышты.

Жыйындын жүрүшүндө медиктер  бардык суроолорго жооп беришип, орууларды алдын алуу боюнча сунуштарды айтышты.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору Артура Буюкляновдун айтымында, эпидемиологиялык мезгилде, октябрь айнынын башынан баштап 10 миң 787 сасык тумоо менен оругандар катталган. 2015-жылы 9 миң 347 катталса, бул жылы былтыркыга салыштырмалуу 15,4%га өскөн.  Суукка байланыштуу 14-ноябрдан 20-ноябрга чейин 53,5% га кескин жогорулаган. Азыркы учурда калаанын мектептеринде окуучулардын сабакка катышуусу боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаеванын билдирүүсү боюнча, оорукана бейтаптар менен толду. Өткөн суткада гана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясы менен 288 адам кайрылып, 100 гө жакын адам жаткырылды.

Шаардык медициналык тез жардам станциясынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов тез жардам станциясына кайрылуулар кескин көбөйүп, 2016-жылдын 27-ноябрында бир сутканын ичинде 103 кө 1029 кайрылуу келип түшкөндүгүн белгилеп, сасык тумоону алдын алуу, ооруган адам менен байланышпоо боюнча сунуштарды айтты. Ошондой эле сасык тумоо менен ооруган адам бир жолку бет кап кийип жүрүүсү керектигин, башкаларга жугузуп албоо үчүн өзүнчө бөлүнүп,  имаратты, бөлмөнү шамалдатуусу зарылдыгын белгиледи.