ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Алканов» базарында бастырма кулады

«Алканов» базарынын түндүк тарабында 450 чарчы метр аянттагы темир бастырма кулады.

Жыйынтыгында 5 адам жабыркап, 4 аял Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилип, 1 адамга амбулятордук негизде медициналык жардам көрсөтүлдү. Эки адамдын абалы оор. Медициналык тез жардам кызматы бардык жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүп, керектүү медициналык дары-дармектер менен камсыз кылышты.


Учурда ӨКМ жана Свердлов районунун ИИБ, ошондой эле «Дордой» жана «Алканов» базарларынын кызматкерлери иштешүүдө. Бастырма кулаган учурда шаардык базарлар боюнча инспекция менен Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков базарда болушуп,  тез аранын ичинде базарды эвакуациялашкан.


Учурда базар толугу менен жабылып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.