ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча окуу курстарын өткөрүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын, шаардык балдар музыкалык мектептеринин жана китепканалардын расмий тилдүү жетекчилери үчүн  “Кыргыз тили” А1, А2 деңгээлдери боюнча акысыз окуу курстары өтүлүп жатат.

Окуу курстары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”  Жарлыгын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 10-мартындагы № 33 “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” 2014-2018-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2016-жылга аракеттер планы жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында өтүлүп жатат.