ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ калаанын жолдоруна кум чачууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тротуарларды, аялдамаларды жана калаанын жолдорун кардан, муздан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Жолдорго кум чачуу иштерине 20 кар тазалоочу унаа, 3 грейфердик жүктөгүч жана ишкананын 20 жумушчусу тартылды.


«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртеден тартып штаттык режимде иштешүүдө. Тротуарларды жана жолдорду муздан, кардан тазалоо иштерине  Жол-эксплуатация башкармалыгынын 30 жумушчусу жана калаанын райондорунун 510 короо шыпыргычы чыкты.


Күн бою  «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, ошондой эле тротуарларды  кардан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.


Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы WhatsApp колдонмосу аркылуу арыздарды төмөнкү номерлерге калтырууну суранат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.


Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана “1840” номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз.