ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санкт-Петербургдун мугалимдери Бишкектик кесиптештери менен тажрыйба алмашышты

Калаада 22-ноябрдан 26-ноябрга чейин Санкт-Петербург Өкмөтүнүн билим берүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Борщевский башында турган Санкт-Петербург шаарынын билим берүү тармагынын кызматкерлеринин делегациясы менен Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин жолугушуулары өткөрүлүүдө.

Делегациянын максаты  - Бишкек шаарындагы билим берүү тармагы менен таанышуу, билим берүү тармагында кызматташуунун өнүктүрүү маселелерин талкуулоо, Санкт-Петербург жана Бишкек шаарларындагы билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Делегация соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча петербург-кыргыз өкмөттөрү аралык 8-жыйындагы протоколду ишке ашыруу үчүн өткөрүлүүдө.

Жолугушуулардын жүрүшүндө делегация Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы менен жолугушуп, шаардык мектептерге барышты. Калаанын №33 мектеп-гимназиясы менен Санкт-Петербург шаарынын №373 лицейи кызматташуу жөнүндө келишимине кол койду. Ошондой эле Санкт-Петербург шаарынан келген мугалимдер тарых, орус тили жана адабияты сабактары боюнча мастер-класстарды өткөрүштү.

Мындан тышкар, тереңдетилген деңгээлде сабактарды берүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Делегациянын катышуучулары Д.Асанов атындагы паркында блокадачылардын эстелигине гүл коюп, блокадада курман болгондорду эскеришти. Коноктор үчүн А.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрында концерт уюштурулду.