ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда коррупцияга каршы чараларды көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү

Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында район башчысы Самарбек Болотбековдун жетекчилиги алдында райондун аймагында коррупцияга каршы чараларды көрүү маселеси боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомун жана Бишкек шаарынын мэриясынын «2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө» токтомун аткарууда өткөрүлдү.


Район башчысы өзүнүн сөзүндө «2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын»  берилген тартипте аткаруу керектигин белгиледи.