ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча кошумча протоколго кол коюлду

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардык муниципалитет жана Кыргыз Республикасындагы КЭРдин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси «Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруу үчүн кошумча протоколго кол койду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Бакытбек Дюшембиеа, «Бишкекбашкыархитектуранын» башчысы Бакытбек Абдиев, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев, ошондой эле КР КЭРдин соода-экономика маселелери боюнча элчинин кеңешчиси Сунь Хэ жана соода-экономика маселелери боюнча элчинин экинчи кеңешчиси Чжоу Хао катышты.


Маалымат: шаардык көчө-жол тармагын өнүктүрүү концепциясынын алкагында шаардык муниципалитет жолдорду реконструкциялоо боюнча ири долбоорду ишке ашырууну пландоодо.


Долбоор үч фазадан турат жана Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев жана КЭрдин өкүлү Си Цзиньпиндин сүйлөшүүсүнөн кийин КЭРдин өкмөтүнөн кайтарымсыз негизде берилген каражатка ишке ашырылат.


Келишимде 49 көчө, 6 көпүрөнү оңдоп-түзөө, анын ичинде жаңы конуштардын көчөлөрү каралган. Жалпы узундугу 95 км түзөт.  


Долбоорду ишке ашыруу калаанын жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Бүгүнкү күндө долбоордун биринчи фазасынын алкагында Иманалиев, Медеров, Достоевский, Профсоюз жана Токомбаев көчөлөрүндө оңдоо иштери  башталды.