ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда «Коломто» муниципалдык мекемеси иштөөдө

Биринчи май районунда туруктуу үй-жайсыз жана турмуштук оор кырдаалдагы адамдар үчүн «Коломто» муниципалдык баш калкалоочу жайы үлгүлтүксүз иштеп келет.

«Коломто» МИ 70 адамга ылайыкташтырылган (кыш мезгилинде 100 жана андан көп адамга чейин).


2016-жылдын башынан бери 818 үй-жайсыз адам бекер медициналык кароо жана ысык тамак менен камсыздалды. «Коломто» мекемесине райондук бюджеттен 6 млн.685 миң сом каражат бөлүнгөн. Биринчи май райондук администрациясы ИИБ жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте кайрымдуулук акцияларын өткөрүп келишет. Кайрымдуулук акция туруктуу үй-жайсыз жана турмуштук оор кырдаалдагы адамдарга колдоо көрсөтүү, укук бузууларды алдын алуу максатында өткөрүлөт. Ошондой эле райондун ИИБ жана социалдык коргоо аталган жарандарды каттап, бармактарынын изин алып, маалыматтар базасына киргизишет.


«Коломто» МИ жашоочуларына акысыз ысык тамак берилип, мончо, медициналык текшерүү кызматтары көрсөтүлөт жана кийим менен камсыз болушат. Ошондой эле психологиялык, юридикалык кеңештер  кызматтары менен камсыз болушат.