ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ыктыярчылар «Тазалыктын» жумушчуларына ысы чай беришти

Калың жааган кар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчуларын иш менен камсыз кылды.

Күн сайын таң эреден баштап жолдорду кардан жана муздан тазалоо үчүн 500 короо шыпыргыч жана жол-эксплуатация бөлүмүнүн 40 кызматкери чыгышат. «Тазалык» МИ кызматкерлерин колдоо үчүн  Биринчи балдар хосписинин ыктыярчылары келип, жумушчуларга ысык чай жана кофе беришти.   


Биринчи балдар хосписинин негиздөчүсү Дина Аляева: «Күндө эрте менен жумушка баратканда көчө тазалап жаткан «Тазалык» ишканасынын кызматкерин көрөбүз. Бирок алардын татаал эмгегине маани бергендер аз. Ошол себептен биз аларды аз да болсо колдоону чечтик»,-деди. «Тазалык» МИ кызматкерлери бүгүн ысык чайдан тышкары,  жылуу сөздөрдү да угуп, көңүлдөрү көтөрүлдү.


Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.