ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу курулуш» МИ кызматкерлери кулаган бактарды алуу иштерин улантууда

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча,  жааган суу кардан улам бактар кулап жатат.

21-22-ноябрга карата болгон маалыматтар боюнча, шаар тургундарынан 137 арыз келип түшкөн, 9 бак жана 68 бутак кулуган. Алардын ичинен 47 бутак алынды. Авариялык абалдагы бактарды алуу иштерине ишкананын 120 кызматкери, 12 бирдик атайын техника, 6 автомунара тартылды. Кулаган бактардан жабыркагандар катталган жок.


«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калаанын жолдорун кулаган бактардан жана бутактардан тазалоо иштерин улантууда.


Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы аба–ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу унааларды бактардын алдына токтотпоону суранат. Туура эмес коюлган  унаалардын улам "Тазалык" жана "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык  ишканаларынын кызматкерлери карды жана бактын сынган бутактарын убагында  тазалай албай жатат.


Бишкек шаарынын мэриясы авариялык абалдагы бактар тууралуу  билдирүүлөрдү так дарегин көрсөтүү менен   WhatsApp  колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге жиберүүсүн суранат.


 Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов  району) — 0555 447 154.