ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен прокуратура органдарынын кызматкерлерин куттуктады.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун атынан биринчи вице-мэр Эрнис Зарлыков куттуктап, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.


Ак ниет жана жемиштүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты:


 - Осоркулов Алмазбек Жамшитбекович – Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө  бөлүмүнүн тергөөчүсү;


- Ашымбеков Урматбек Ашымбекович – Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө  бөлүмүнүн тергөөчүсү;


- Токтосунов Азат Калкбердиевич –  Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө  бөлүмүнүн тергөөчүсү;


 - Абдылдаева Жылдыз Мыктыбековна – Бишкек шаарынын прокуратурасынын мыйзамдарды аткаруу үчүн көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн прокурору.


Ыраазычылык  баракчасы  Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Акымбеков Мирлан Кубанычбековичке ыйгарылды.