ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрия 2016-жылдын мыкты спортчуларын жана машыктыруучуларын сыйлады

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан жылдын мыкты спортчуларын жана машыктыруучуларын сыйлоо аземи болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов спортчуларга, спорттун ардагерлерине жана машыктыруучуларга көрсөткөн жеңиштери үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчөлөнгөн спортчуларга Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.


«Урматтуу спортчулар, спорттун ардагерлери! Сиздерди Мекенибиздин көрүнүктүү спортчуларын ардактоо салтанаты менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздер сергек жашоо үлгүсүн даңазалап, ден соолуктун аруулугун сактап, өлкөбүздүн спортунун өркүндөп-өсүшүнө салмактуу салым кошуп келесиздер! Биздин спортчулар Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна, РИОдо жана башка мамлекеттерде  өткөн олимпиадалык оюндарга катышып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Албетте спортто жеңүү да, жеңилүү дагы болот. Спортчулардын жемиштүү ийгиликтерине жетишине  мыкты машыктыруучулардын да салымы зор. Биз сиздер  менен сыймыктанабыз. Желегибизди көкөлөтүп, асманга желбиретип, жер жүрүзүнө Кыргызстанды даңазалаган, кыраан чебер спортчуларыбызга терең таазим кылабыз. Сиздерге бекем ден соолук, ийгилик жана чоң жеңиштерди каалайм. Ар дайым кыргыз желегин желбиретип жүрө беришиңиздерге тилектешмин!»,-деп куттуктады калаа башчысы.


Шаардык спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын баалуу белектери менен Рио-де-Жанейродо өткөн олимпиадага катышкан спортчулар сыйланышты:


- Тыныбекова Айсулуу Болотовна – Свердлов районунун  Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин  кыздар арасында күрөш боюнча спорт чебери (Бишкек шаарынын мэриясынын сааты менен);


- Арсен Эралиев – Свердлов районунун  Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин   грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери (Бишкек шаарынын мэриясынын сааты менен);


- Юрий Краковецкий  - жекеме-жеке күрөшүү спортчу боюнча эл аралык класстагы спорт чебери (Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси менен);


- Отар Бестаев - жекеме-жеке күрөшүү спортчу боюнча эл аралык класстагы спорт чебери  (Бишкек шаарынын мэриясынын сааты менен);


- Жаныл Окоева – оор атлетика боюнча КР спорт чебери (Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси менен);


 - Руслан Алимжанович Царев - Свердлов районунун  Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин   грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери  (Бишкек шаарынын мэриясынын сааты менен);


- Дарья Маслова –  Биринчи май районунун Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин   жеңил атлетика боюнча  спорт чебери (Бишкек шаарынын мэриясынын сааты менен);


- Мурат Туганович Рамонов - Свердлов районунун  Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин   грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери  (Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси менен);


 - Жанарбек Кенжеев – Свердлов районунун  Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин   грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген спорт чебери  (Бишкек шаарынын мэриясынын сааты менен);


- Эркин Адылбек уулу -   жекеме-жеке күрөшүү спортчу боюнча эл аралык класстагы спорт чебери (Бишкек шаарынын мэриясынын сааты менен).


Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:


- Айып Исакович Исаков – Биринчи май районунун  Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин   окуу иштери боюнча директордун орун басары;


- Жазгуль Урматовна Урматова – Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин  улуттук спорт оюндары боюнча завуч;


- Азамат Рустамбекович Асанбеков – Ленин районунун Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин  эркин күрөш боюнча машыктыруучу-мугалим;  


- Таалайбек Бейшенович Кадыралиев -  тренер-преподаватель  по боксу СДЮШОР по спортивным единоборствам;


- Азамат Нарынбекович Исабеков – КР дзюдо улуттук федерациясынын башкы катчысы;


- Марат Койчубекович Табалдиев – КР дзюдо улуттук федерациясынын спорттук директору;  


- Аскар Чынгызович Турсалиев –  Октябрь районунун спорт боюнча инструктору.


Ошондой эле Бишкек шаардык  кеңешинин Ардак грамоталары менен калаанын машыктыруучулары, спортчулары сыйланышты. Дене тарбия жана спорт башкармалыгы спорттун ардагерлерин жана спорт тармагына колдоо көрсөткөн демөөрчүлөрдү сыйлады.


Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.


Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, вице-мэрлер Айгүл Рыскулова, Бакытбек Дюшембиев, шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов, спортчулар, спорттун ардагерлери жана машыктыруучулар катышышты.