ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кызматтар калаанын жолдорун муздан тазалоо иштерин улантууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калаанын жолдорун кардан жана муздан тазалоо иштерин улантууда. Ал эми «Жашылдандыруу курулуш» МИ кызматкерлери кулаган бактарды, бутактарды алууда.

Тазалоо иштерине 19 кар тазалоочу унаа, 5 трактор, 4 грейфердик жүктөгүч тартылып, 50 тонна кум жана 4 тонна туз чачылды.


Тротуарларды жана жолдорду муздан, кардан тазалоо иштерине  Жол-эксплуатация башкармалыгынын 30 жумушчусу жана калаанын райондорунун 510 короо шыпыргычы чыкты.


Күн бою  «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, ошондой эле тротуарларды  кардан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.


«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, жааган суу кардан улам бактар кулаган жана кулаган бактардан арылуу үчүн ишкананын кызматкерлери арыздардын негизинде түнү бою иштеген. 2016-жылдын 18-ноябрына карата маалыматтар боюнча, 27 бак жана 1 бутак кулаган.


Бүгүн, 19-ноябрда ишкананын кызматкерлери төмөнкү даректердеги кулаган бактарды тазалашты:


-Абдрахманов көчөсүндө;


- Москва – Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде;


- Лев Толстой көчөсүндө, Баткен базардын жанында;


- Усенбаев көчөсүндө;


- Жумабек көчөсүндө;


- Москва-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде;


- Тынчтык-Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде;


- Фатьянов көчөсүндө.


«Жашылдандыруу курулуш» МИ кызматкерлери шаар тургундарынын арыздарынын негизинде кулаган бактарды алуу иштерин улантууда.


Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы аба–ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу унааларды бактардын алдына токтотпоону суранат. Туура эмес коюлган  унаалардын улам "Тазалык" жана "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык  ишканаларынын кызматкерлери карды жана бактын сынган бутактарын убагында  тазалай албай жатат.


Бишкек шаарынын мэриясы авариялык абалдагы бактар тууралуу  билдирүүлөрдү так дарегин көрсөтүү менен   WhatsApp  колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге жиберүүсүн суранат.


 Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов  району) — 0555 447 154.