ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өткөн дем алыш күндөрү «Жашылдандыруу курулуш» МИ кызматкерлери кулаган бактардан арылуу иштерин өткөрүштү

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы жааган суу кардан улам бактарды кулап жаткандыгын билдирет.

Ишкананын кызматкерлери дем алыш күндөрү шаар тургундарынан келип түшкөн арыздардын негизинде кулаган бактардан арылуу иштерин жүргүзүштү. Дем алыш күндөрү 39 бак жана 50 бутак кулаган. Өткөн төрт күндүн ичинде "Жашылдандыруу курулуш" МИ жумушчулары 194 бутак жана 73 кулаган бакты тазалашты. Жалпысынан шаар тургундарынан 410 арыз келип түштү.


Авариялык абалдагы бактарды алуу иштерине ишкананын 120 кызматкери, 12 бирдик атайын техника, 7 автомунара жана 8 май менен иштөөчү ара тартылды.


15 жаштагы өспүрүмдү бак басп калып, ооруканага жеткирилди жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. «Жашылдандыруу курулуш» МИ кызматкерлери шаар тургундарынан арыздарынын негизинде кулаган бактарды алуу иштерин улантууда.


Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы аба–ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу унааларды бактардын алдына токтотпоону суранат. Туура эмес коюлган  унаалардын улам "Тазалык" жана "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык  ишканаларынын кызматкерлери карды жана бактын сынган бутактарын убагында  тазалай албай жатат.


Бишкек шаарынын мэриясы авариялык абалдагы бактар тууралуу  билдирүүлөрдү так дарегин көрсөтүү менен   WhatsApp  колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге жиберүүсүн суранат.


 Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов  району) — 0555 447 154.