ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада мектеп лигасынын ачылышы болуп өттү

Бүгүн, 19-ноябрда «Арча-Бешиктеги» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде «Мектеп лигасы» шаардык спорттук программасынын ачылышы өткөрүлдү.

Спорттук майрамга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, биринчи вице-мэр Эрнис Зарлыков, вице-мэр Айгүл Рыскулова, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучулары, Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев, Бишкек шаарынын мектептеринин окуучулары катышты.


Иш-чара балдарды жана өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө, дене тарбия жана спорт менен машыгууга үйрөтүү максатында өттү.


Мелдеш 5-10-класстардын окуучулары арасында спорттун 13 түрү боюнча өткөрүлүүдө. Аталган спорттук программа Бишкек шаарындагы ири долбоорлордун бири жана 50 миң окуучуну камтыйт.


Спорттук иш-чаранын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр медаль, кубок, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышып, жакынкы жана алыскы өлкөлөргө жолдомо алышат.