ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» муниципалдык ишканасы түнү бою калаанын жолдорун кардан жана муздан тазалашты

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түнү бою тротуарларды, жолдун жээктерин, аялдамаларды жана калаанын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле таң эртеден баштап «Тазалык» МИ жана калаанын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жумушчулары штаттык режимде иштешти. Калааны тазалоо иштерине 21 кар тазалоочу унаа 19 МАЗ КО-806 и 2 ЗИЛ КДМ), тротуарларды тазалоо үчүн 4 трактор (Беларусь) чыкты. Тротуарларды жана жолдорду муздан, кардан тазалоо иштерине  Жол-эксплуатация башкармалыгынын 30 жумушчусу жана    калаанын райондорунун 510 короо шыпыргычы тартылды. Ошондой эле жааган суу кардан улам электр зымдары, троллейбус линиялары үзүлгөндүгүн билдиребиз. Азыркы учурда бардык үзүлүүлөр четтетилип, калыбына келтирилди. Жибек Жолу проспектиси Абдрахманов көчөсү менен кесилишкен жерде бак кулап, троллейбустук линия үзүлгөн. Бул себептен троллейбустар эки саатка чейин иштебей турду. Учурда линиялар калыбына келтирилип, коомдук транспорт кадимки режимде иштөөдө.


Күн бою  «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, ошондой эле тротуарларды  кардан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.