ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаар тургундары!

Аба ырайынын өзгөрүшү менен айрым эскирген бак-дарактар кулап, шаар тургундарына ыңгайсыздыкты жана коркунучту жаратууда.

Бишкек шаарынын мэриясы эски бак-дарактардан  алысырак жүрүүгө жана унааларды кооптуу бактардын алдына  токтотпоого чакырат.


Бүгүн Москва көчөсү жана Эркиндик бульварынын кесилишинде бир аялдын үстүнө бутак түшкөн. Шаар тургундары аны ооруканага жеткирип,  керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал үйүндө. Бишкек шаарынын мэриясы жабыркаган аялды ооруканага жеткирип,  жардам берген шаар тургундарына ыраазычылык билдирет.

 
Шаардык муниципалитет авариялык абалдагы, кооптуу бактар тууралуу билдирүүлөрдү так дарегин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге жиберүүсүн суранат.


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов  району) — 0555 447 154.