ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курулуш фирмалары шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору  Свердлов районунун санитардык абалын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Осмонкул – Жумабек көчөлөрүндө жайгашкан «Вокко» ЖЧК курулуш фирмасынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү уруксат документтерисиз тротуардык бөлүктү бузуу менен жер иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «Вокко» ЖЧК курулуш фирмасынын директору Жайлоомышев А. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.