ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын арасында көп тилдүү билим берүү программаларын апробациялоо максатында сынак өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, өнөктөш Социалдык интеграциялоо борбору менен биргеликте Сорос-Кыргызстан фондунун колдоосунда Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын арасында көп тилдүү билим берүү программаларын апробациялоо үчүн сынак жарыяланат.

Сынакка Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдары катыша алышат. Алар керектөөлөргө жана ресурстарга негизделген, жергиликтүү коомчулуктун кызыгууларын эске алган билдирмелерди (ссылканы караңыз) түзүп жөнөтүшү керек.

Көп тилдүү билим берүү программаларын жана ар кандай моделдерин апробациялоо билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берет жана мамлекеттик жана башка тилдерди керектүү деңгээлде өздөштүрүүнү камсыздайт.