ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

№33 мектеп-гимназиясында өрттөн кийин спорттук зал калыбына келтирилди

№33 мектеп-гимназиясында спорттук залынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Спорттук зал 2013-жылдагы өрттөн кийин толугу менен калыбына келтирилди. Залдын чатыры алмаштырылып, капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Ошондой эле жаңы төшөлмө төшөлүп, актовый зал жана бөлмөлөр калыбына келтирилди.


«№33 МГ Көзөмөл» АК каражатына спорттук жабдуулар – 20 швед дубалы, баскетболдук шакекче, волейболдук торчо орнотулду. Спорттук зал толугу менен сабак жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө даяр.


Аталган спорттук залдын салтанатту ачылышына Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков, шаардык финансы башкармалыгынын башчысы И.Б.Аденов, шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Свердлов райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү катышты.