ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрия «Дыйкан» базарын жабуу боюнча документтерди даярдоодо

КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилген бузууларды четтетүү эскертүүсүнөн кийин «Дыйкан» базарынын администрациясы тарабынан бузуулар толугу менен четтетилген эмес.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы  КР Экономика министрлигинен ишкердик субъектини текшерүүгө жолдомо алган соң (каттоо коду №05243416-11) 2016-жылдын 6-10-октябрында комплекстүү текшерүү жүргүзгөн.


Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында нормалар жана эрежелер бузулган 11 факт берилген  экологиялык жана техникалык коопсуздук абалын текшерүү акты жана Бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүүсү түзүлгөн.


2016-жылдын 10-ноябрында ведомство тарабынан кайрдана текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында базардын жетекчилиги 11 бузуунун  9  гана оңдоп жетишкен. Анда мыйзамсыз салынган имарат, даараткана, күркө жана башка объекттер алынган эмес. Башкача айтканда курулушка тиешелүү документтер көрсөтүлгөн жок. Ошондой эле базар менен нефть базасынын аралыгы 30 метрди гана түзөт. Эреже боюнча нефть сакталган жайдын алыстыгы 100 метрден кем болбоосу керек.
Базардын долбоору мамлекеттик өрт көзөмөлдөө органдары менен макулдашылган эмес жана өрт өчүрүү каражаттары орнотулган эмес.


Азыркы учурда Товарная көчөсүндө жайгашкан нефтбазада АИ-92 үлгүсүндөгү 350 куб муңай сакталат. Ошондой эле 50 куб сакталган 8 жер алдындагы резервуар бар. Бул өрт чыгып кетүү коркунучун жаратат.


«Дыйкан» базарынын соодагерлери Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге керектүү шарттары менен соода аянтын берүү азыры менен кайрылышкан. Базарга жакынкы үйлөрдүн тургундары бир нече жолу базардын айланасы антисанитардык абалга жеткендиги жана Фучик көчөсүнөн өтүү кыйынсыгы  тууралуу арызданышкан. Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев «Дыйкан» базарынын соодагерлерине алгачкы жеңилдиктерди түзүү үчүн «Сары-Өзөн» жана «Дордой моторс» базарларынын администрациялары менен  сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Соодагерлердин көпчүлүгү аталган базаларга көчүрүлүп, өз иштерин улантышууда.


Учурда Бишкек шаарынын мэриясы жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу максатында “Дыйкан” базарын жабуу боюнча керектүү документтерди даярдоодо.