ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мектеп лигасынын ачылыш аземи өткөрүлөт

19-ноябрда саат 11:00до «Арча-Бешик» конушундагы Дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде «Мектеп лигасы» шаардык спорттук программасынын салтанаттуу ачылышы өткөрүлөт.

Иш-чара сергек жашоо образын жайылтуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакыруу максатында өтөт.


Учурда Бишкек шаарынын төрт районунан спорттун түрлөрү боюнча тандоо оюндары өткөрүлүүдө.


Лига жалпы билим берүү уюмдарынын 5-10 – класстарынын окуучулары арасында спорттун  13 түрү боюнча өтөт. Аталган лига Бишкек шаарынын ири масштабдуу долбоорунун бири. «Мектеп лигасына» 12 000 окуучу катышат.


Мелдеш райондук жана шаардык болуп эки этаптан өтөт.


Мелдештин жеңүүчүлөрү диплом, медаль, баалуу белектер менен  сыйланышып, алыскы жана жакынкы мамлекеттерге барууга жолдомо алышат.