ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Эртең калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 16-ноябрда саат 9:00дон 15:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат.

«Белинский» суу алгычын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Калык Акиев, Курөңкеев,  Логвиненко, Чүй, Панфилов,  Жибек-Жолу, Абдрахманов жана  Абдымомунов көчөлөрүндө таза суу берилбейт. Анын ичинде: «Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбордо», Т.Сатылганов атындагы филармонияда, «Фабертэк» ЖЧКсында, №3 шаардык гинекологиялык ооруканасында, «Жапан Стайл» ЖЧК дүкөнүдө, «Океан» ЖЧКсында, «Пекин» ресторанында, Кыргыз драм театрында, Улуттук китепканада, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде, «Улуттук статистика комитетинде», «Спартак» стадионунда, Кыргыз билим берүү академиясында, "Телеком" филиалында, Биринчи май райондук администрациясында, Тоголок Молдо көчөсү менен Жибек –Жолу проспектисинин кесилишиндеги энергосбытта, №33 орто мектебинде таза суу берилбейт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.