ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында шахмат жана шашки боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун шахматтык-шашки  клубунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат жана шашки боюнча турнир өткөрүлдү.

Турнир XVII шаардык  Спартакиаданын алкагында өттү.


Аталган турнир шаардык уюмдардын кызматкерлерин дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу, ошондой эле күчтүү спортчуларды аныктоо жана алардын спорт чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Турнирге 67 шахматчы катышты.


Мелдештин жыйынтыгында балдар арасында биринчи орунду - Нуртилек Мамажусупов   (Дүйлөй балдар  үчүн адистештирилген жалпы билим берүү мектеп-интернаты), экинчи орунду - Орозали уулу Байсалбек (№21 дүлөйлөр үчүн адистештирилген мектеп-интернаты) жана үчүнчү орунду - Иляс Исамидинов (Дүйлөй балдар  үчүн адистештирилген жалпы билим берүү мектеп-интернаты) алды.


Кыздар арасында биринчи орунга - Шахноза Саттарова   (№21 дүлөй балдар  үчүн адистештирилген мектеп-интернаты), экинчи орунга - Нишанбай кызы Омуркан Саттарова   (№21 дүлөй балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернаты) жана үчүнчү орунга - Кристина Хавизова   Мамажусупов   (Дүйлөй балдар  үчүн адистештирилген жалпы билим берүү мектеп-интернаты) ээ болду.


Шашки боюнча балдар арасында биринчи орунду - Абдурауф Касымов (№21 дүлөй балдар  үчүн адистештирилген мектеп-интернаты), экинчи орунду - Нурбол Эрболов   (Дүйлөй балдар  үчүн адистештирилген жалпы билим берүү мектеп-интернаты) жана үчүнчү орунду - Исмаил Сантуров   (Дүйлөй балдар  үчүн адистештирилген жалпы билим берүү мектеп-интернаты) багындырды.


Кыздар арасында биринчи орунду - Айзирек Жумалиева   (Дүйлөй балдар  үчүн адистештирилген жалпы билим берүү мектеп-интернаты), экинчи орунду - Жоомарт кызы Жылдыз (№21 дүлөй балдар  үчүн адистештирилген мектеп-интернаты) жана үчүнчү орунду - Искендер кызы Наргиза   (№21 дүлөй балдар  үчүн адистештирилген мектеп-интернаты) алып, жеңишке ээ болушту.


Эскерте кетсек, 10-ноябрдан баштап азиз балдар арасында шахмат жана шашки боюнча мелдеш башталды. Мелдешке 53 шахматчы катышып, 12-ноябрда жыйынтыкталды.