ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада жолдорду оңдоп-түзөө иштери улантылууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Кытай Эл Республикасынын өкмөтү тарабынан берилген гранттык каражатка Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо иштери улантылууда.

Бүгүнкү күндө оңдоо иштери Достоевский көчөсүндө, Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жүрүп жатса, Чоң Чүй каналында жана Токомбаев көчөсүндө жайгашкан Аламүдүн дарыясындагы көпүрөлөр куруулуда. Учурда көпүрөнүн түркүктөрү курулуп, орнотулууда. Көпүрөлөрдү кийинки жылы бүтүрүү пландалууда.


Ошондой эле Иманалиев көчөсү Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейин жол кыймылы үчүн жабык. Аталган бөлүктө капиталдык оңдоо, тротуар жана арыктарды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Капиталдык оңдоону бүтүрүү кийинки жылга пландалууда.

 

Иманалиев жана Достоевский көчөлөрүн оңдоо иштери аба-ырайынын бузулушуна чейин жүргүзүлө берет.


Токомбаев көчөсүндөгү Аламүдүн суусу аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруу иштерине даярдыктар жүргүзүлүүдө. Учурда көпүрөнүн батыш тарабындагы тирөөчтөрдү  алмаштыруу жана чыгыш тарабындагы тирөөчтөрдү алмаштыруу боюнча даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.