ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэриянын “Жаш карек” долбоорунун алкагында Кемин районунун окуучулары Бишкекке келишти

Кемин өрөөнүнүн Ильич орто мектебинин окуучулары Бишкек шаарынын мэриясынын “Жаш карек”, “Кыргызстан- балдардын көз карашы менен” долбоордун алкагында Бишкек шаарына келип, атайын даярдалган программаларга күбө болушту.

 Программа боюнча окуучуларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кезектеги сессиясына катышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, Жогорку Кенештин имаратында экскурсия уюштурулду. Андан соң “Ийгиликтүү адамдын таржымалы” деген циклдин негизинде, коомдук ишмер, ишкер, “Дасмия” комплексинин негиздөөчүсү Т.Мамашев менен биргеликте түшкү тамактануу жана тамак үстүндө маек өткөрүлдү. Окуучулар кызыккан суроолорду берип, толук жана кызыктуу жоопторду алышты. Түштөн кийин маданий программа катары Бишкек шаарындагы көркөм өнөр сүрөт музейине жана Бишкек шаары боюнча саякат өткөрүлдү.


“Жаш – карек” долбоорунун  максаты – Кыргызстандын шаарларындагы жана аймактарындагы окуучулар арасында аймактар аралык достукту өнүктүрүү, жаш өспүрүмдөрдүн бош убактысын өлкөнүн облустары менен шаарларынын  тарыхый, географиялык өзгөчөлүктөрүн таанып билүүгө тартуу, мектеп окуучулар арасында өз жерине болгон патриоттук сезимин күчөтүү жана республиканын көптөгөн аймактарында билим алып жаткан жаш өспүрүмдөр арасындагы ынтымакты күчөтүү, өз жерин сүйүү, ошондой эле жаратылышка аяр мамиле жасоо болуп эсептелет.


Аталган долбоордун демилгечиси Бишкек шаарынын мэриясы. Кыргыз Республикасынын  Президенти А. Атамбаевдин  “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо” жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында жана Бишкек шаарынын мэриясынын “2015-2017-жылдарга карата Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча” шаардык комплекстик Программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.