ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Садыгалиев көчөсүндө кампадан чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүргүчтөр сыйланышты

Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгында Садыгалиев көчөсүндө кампадан чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүргүчтөрдү  сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү.

Өзүнүн сөзүндө калаа башчысы Албек Ибраимов өрт өчүргүчтөргө өрт өчүрүүдө эрдиги жана кайраттуулугу үчүн ыраазычылык билдирди.


«ϴткɵн жумада шаарыбыздын батыш тарабынадагы Садыгалиев кɵчɵсʏндɵ кампа ɵрттɵнʏп, тилсиз жоо каптады. ϴрт чыгары менен ϴзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин  бир нече тобу, куткаруучулар тобу, Кризистик абалга каршы иш алып бара турган башкы башкармалыктын көчмө тобу, ИИМдин кызматкерлери, "Тазалык" ишканасынын суу ташыган төрт машинасы жана 80ге чукул өрт өчүрүүчүлɵр ɵрттʏ ɵчʏрʏʏгɵ болгон кʏчʏн жумшашты. Сиздердин ак ниет жана жан дилиӊиздер  менен берилип кызмат кылганыӊыздар ʏчʏн жабыркагандар болгон жок. Бул эрдигиӊиздер ʏчʏн тереӊ ыраазычылык билдирем. Сиздердин  ары сыймыктуу, ары кооптуу ишиңиздерге ийгилик, үй бүлөлүк бакыт-таалай, адам баласынын жашоо турмушунда кездеше турган бардык жакшылыктарды каалайм»,-деди калаа башчысы.


Кампаны өчүрүүдө көрсөткөн эрдиктери, ошондой эле ак ниет жана жемиштүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен өрт өчүргүчтөр сыйланышты.


Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын сааты менен Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Альджанов Зарылбек Сагындыкович сыйланды.


Ошондой эле өрткө каршы кызматынын кызматкерлерин Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды.