ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте муниципалдык коомдук ажатканаларды куруу башталды

Калаанын  жаштар аллеясында жана Т.Сатылганов  атындагы Улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабында биринчи муниципалдык  коомдук ажаткана курулду.

Учурда аталган ажаткана «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилип, толугу менен ишке берилди.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкек шаарында жер тилкесине уруксат берүү боюнча комиссия  жер тилкелерин аныктады.

Ажатканаларды төмөнкү даректерге куруу пландалууда:


- Пушкин — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиде;


-Горький атындагы сейил багы;


- Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багы;


-Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;


-  Ала-Арча – Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилиши;


- Рыскулов – Коенкозов көчөлөрүнүн кесилиши;


- Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркы;


- Бишкектин 125 жылдыгына арналган маданият жана эс алуу паркынын аймагы;


- Ата Түрк паркынын айланасы, Шакиров көчөсү;


-Жантөшев көчөсү; Рыскулов – Жаш Гвардия бульвары;


-Айни – Дагенстан көчөлөрүнүн кесилиши;


-Москва – Жаш Гвардия бульвары; Фучик паркы;


-Чүй проспектиси – Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилиши;


-Абдырахманов – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши.


Салына турган муниципалдык  коомдук ажатканалар бардык санитардык талаптарга жооп берет жана шаардык бюджеттен ккаржыланат.