ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек жарыктандырылууда

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы үстүбүздөгү жылы эки миңден ашык светодиоддук чырактарды орнотту.

2016-жылдын башынан бери «Бишкексвет» МИ 9 миң 203 чыракты алмаштырды, 42,9 км кабелдик линияны оңдоп, 103,2 км зым тартышты. Ошондой эле 1 миң 471 авариялык абалды четтетип, шаар тургундарынан түшкөн 392 арызды аткарышты.

Ушул жылдын жайында Фучик көчөсүндө, Чүй, Ч.Айтматов/Манас жана Жибек Жолу проспектилеринде  электр өткөргүч линияларына оңдоо иштери жүргүзүлдү. Фучик көчөсүндөгү 8 авариялык абалдагы түркүк, Ч.Айтматов проспектисиндеги 4 авариялык түркүк алмаштырылды. Ошондой эле, Эмен багында, Курманжан датка, Достук, Театралдык сейил бактарындагы 170 чырак түркүктөрү сырдалды.

Ч.Айтматов/ Тынчтык  проспектиси боюнча мамлекеттик резинденциядан Чүй проспектисине чейин, Жибек Жолу проспектиси боюнча Абдрахманов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектиси боюнча Фучик көчөсүнөн Абдархманов көчөсүнө чейин, Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсү боюнча Чүй проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин, Рысмендиев көчөсү Токомбаев көчөсүнөн мамлекеттик резинденцияга чейин эки миң светодиоддук чырак орнотулду.

Мындан тышкары Семетей көчөсүнө – 37 даана, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсүнө – 28 даана жана Кожобергенов көчөсүнө – 50 даана светодиоддук чырактар орнотулду.

«Бишкексвет» ишканасынын кызматкерлери Тынчтык проспектисинин Ажыбек Баатыр көчөсүнөн резиденцияга чейин 64 светодиоддук чырактарды орнотуп, зымдарды тартуу иштерин жүргүздү. Ошондой эле Дзержинский, Орозбеков, Баткен, Федоров, Казаков, Орозов, Можайский, , Витебская көчөлөрүнө 217 светодиоддук чырактарды орнотуу менен оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Жалпысынан шаар боюнча 2 миң 316 светодиоддук чырак орнотулду.

Эмне үчүн күндүз шам чырактар күйүп турат деген суроо менен шаар тургундары бир нече жолу кайрылышкан. Оӊдоо иштеринин жүрүшүн контролдоо жана жарыктандыруу боюнча нормативдик талаптар менен камсыздандыруу күндүзгү убакта жүргүзүлөт.


Муниципалдык келишимден пункттарынын биринде шам чырактарды оӊдоо, күйүп кеткен чырактарды алмаштыруу, жарыктандыруу арматураларын оӊдоо жана текшерүү каралган.


Коопсуздук иштерин камсыз кылуу үчүн «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы оӊдоо-калыбына келтирүү иштерин  көчөлөрдөгү жарыктандырууну жандырган бойдон  күндүзгү убакта жүргүзөт. Тармактардын эскиргендигине байланыштуу мекеме тышкы жарыктандырууну оӊдоо иштерин дайыма жүргүзүп келет.
«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын диспетчердик кызматынын номери – 31-17-23.