ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте өспүрүмдөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт

18-ноябрда Свердлов районунун  Р.Санатбаев атындагы Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинде Александр Ремезовдун жаркын элесине арналган, өспүрүмдөр арасында  грек-рам жана эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт.

Мелдеш грек-рим  жана эркин күрөштү жайылтуу, жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакыруу, спортчулар арасындагы достук мамилени бекемдөө максатында өтөт.


Спорттук мелдешке 8 салмактык категорияда 200 дөй спортчу катышат.


Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Бишкек шаардык күрөш федерациясы менен биргеликте уюштурууда.


Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат.


Эскертек кетсек, мелдеш 18-ноябрдан 20-ноябрга чейин өткөрүлөт.


Кошумача маалыматты  0555 00-87-30 номурунан сурап билсеңиздер болот.