ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Бишкекте «Кургак тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» - «Бишкек санитардык полигонун модернизациялоо» долбоорунун II фазасы ишке ашырыла баштады

Бүгүн, Бишкек шаарынын мэриясында «Бишкек санитардык полигонуна» атайы техникаларды жеткирип берүү келишимине кол коюлду.

Келишимге кол коюу менен Бишкек санитардык полигонун модернизациялоо боюнча «Бишкек шаарындагы кургак тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырыла баштайт.


Долбоордун алкагында полигон үчүн атайы техникаларды сатып алууга эл аралык  ачык тендер өткөрүлдү. Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын сатып алуу эрежелерине ылайык өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы белгилүү болду.


54046 еврого экскаватор-жүктөгүч жана 109400 еврого бульдозер алуу үчүн жалпы суммасы  163 446 еврого  «Стройдормашсервис» компаниясы менен №1Лот, №2 Лот үчүн BSWM келишимине, ошондой эле компактор жеткирүүгө жалып суммасы 399 399, 99  еврого  «Тана» эл аралык фин өнүрүүчүлөрү менен №3 лотко BSWM келишимине  кол коюлду.


Келишимдер Европалык союз тарабынан берилген гранттык каражатынан жана ЕРӨБ кредиттик каражатынан камсыздалат.


Кол коюу иш-чарасына вице-иэр Э.Исакаов, долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси А.Гинятулина, «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын директору Б.Асаналиев жана компаниянын өкүлдөрү катышты.