ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Сухомлинов-Орджоникидзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүл бакчада курулуш жүргүзүлбөйт

Шаардык мэриягы жана массалык маалымат каражаттарына жашоочулар Сухомлинов-Орджоникидзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүл бакчада жүргүзүлүп жаткан үйдүн  курулушун токтотуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Аталган жер тилкеси курулуш үчүн 1999-жылы Абдирейим Кулбаевге жеке менчикке берилген. Ал учурда Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турган. 2011-жылы Сарыбаев С. жаран сатып алган.


 Кечээ күнү Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев жакынкы үйлөрдүн  тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында Жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан Сарыбаев аттуу жаранга курулушту токтотуу эскертүүсү берилди.


«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, аталган сейил бакта 84 жалбырактуу бак жана 10  ийне жалбырактуу дарак жана бадалдар бар.  


Ал эми жер тилкесинин ээсине курулуш материалдарынан жер тилкесин бошотуу тапшырылды. Бул маселе Ленин райондук администрациясынын көзөмөлүндө болот.


Жолугушууга «Бишкекбашкыархитектура» МИ, Мамкаттоо, №5 МАБ, «Жашылдандыруу курулуш» ишканасынын, райондук жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.