ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Атом модели» архитектуралык композициясын жаратууда

Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде Улуттук илимдер академиясынын маңдайында Бишкек шаарынын мэриясынын жана демөөрчүлөрдүн колдоосунда «Планеталык атом модели» архитектуралык композициясы орнотулду.  Аталган композиция СССР убагында илимди өнүктүрүү символу болгон.

Бишкек шаарынын мэриясына КР Өкмтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы «Планеталык атом модели» архитектуралык композициясын жаратууга жардам көрсөтүү арызы менен кайрылышкан. Мунун негизинде «Бишкекбашкыархитектура» МИ «Атом модели» объектси боюнча шаар куруу кортундусун иштеп чыкты, ал эми муниципалдык менчик башкармалыгы 0,0825га жер тилкесин бөлдү.


Учурда атом моделин орнотуу боюнча монтаждык иштер жүргүзүлүүдө. Жаңы конструкция заманбап жабдуулар менен даярдалып, жарыктандырылды. Эми кечкисин да көрүүгө болот.


Заманбап конструкция  мэриянын жана демөөрчүлөрдүн колдоосунда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жетекчилигинин, студенттеринин жана кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылды. Моделди жасоо үчүн уюштуруучулар мурдагы сүрөттөрүн жана архивдерин колдонушту. Тилекке каршы мурдагы атом моделинин өлчөмү жана  чиймелери сакталып калган эмес.