ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте аскага чыгуу боюнча ачык биринчилик болуп өттү

Калаада 5-7-ноябрь күндөрү Александр Аксеновдун жаркын элесине арналган жабык имаратта аскага чыгуу боюнча Бишкек шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү.

Биринчилик жаштар арасында аскага чыгуу спортун жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.


Шаардык клубдардын спортчулары кыйынчылыгына, ылдамдыгына жана боулдеринге жараша чыгышты.


Катышуучулар жаш курагына жараша топторго  бөлүнүштү: 2000 ж.т. жана андан жогору, 2001-2002ж.т., 2003-2004ж.т., 2005-ж.т. жана андан кичүү.


2000-ж.т. жана андан улуу балдар арасында «Ылдамдык менен чыгууда» 1-орунду - Ислам Каримов, 2-орунду  - Ильгиз Чингараев, 3-орунду  - Прохор Бездорнов алды.
2001-2002-ж.т. балдар арасында 1-орунга Иса Конушбаев, 2-орунга - Антон Эрнандес, 3-орунга  Олег Савченко ээ болду.


2003-2004-ж.т. балдар арасында 1-орунду Евгений Ибраев, 2-орунду  Алекс Эрнандес, 3-орунду- Никита Сливенко багындырды.


2005-жылы туулган жана андан кичүү балдар арасында 1-орунга Илья Мысаков, 2-орунга Александр Калашников, 3-орунга Тимофей Зотов ээ болду.


2000-жылы туулган жана андан уулу кыздар арасында 1-орунду Ксения Пенкина, 2-орунду Дарья Пак, 3-орунду Мирослава Тен багындырды.


2001-2002-ж.т. кыздар арасында 1-орунду- Ангелина Борисенко, 2-орунду Ксения Шалыгина, 3-орунду Виктория Калашникова алды.


2003-2004-ж.т. кыздар арасында 1-орунду Настасья Тарасова, 2-орунду Валерия Юрасова жана 3-орунду Настя Понамарчук  багындырды.


2005-ж.т. жана андан кичүү кыздар арасында 1-орунга Василина Коротков, 2-орунга София Кан жана 3-орунга Эвелина Сейфединова ээ болушту.


«Кыйынчылык менен чыгууда» 2000-ж.т. жана андан улуу эркектер арасында 1-орунга Виталий Чепеленко, 2-орунга Ислам Каримов  жана 3-орунга  Ильгиз Чингараев ээ болду.


2001-2002-ж.т. балдар арасында 1-орунду 2002-ж.т. Антон Эрнандес, 2-орунду 2002-ж.т. Олег Савченко жана 3-орунду 2002-ж.т. Руслан Таиров алды.


2003-2004-ж.т. балдар арасында 1-орун Алекс Эрнандеске, 2-орун Арсений Трофимовго, 3-орун Евгений Ибраевге тапшырылды.


2005-ж.т. жана андан кичүү балдар арасындан 1-орунга Максим Логвинец, 2-орунга Илья Мысаков жана 3-орунга - Кирилл Плотин ээ болду.



2000-ж.т. жана андан улуу кыздар арасында 1-орунду AninaEggenberge, 2-орунду Дарья Пак жана 3-орунду - Мирослава Тен багындырды.


2001-2002-ж.т. кыздар арасында 1-орун Ангелина Борисенкого, 2-орун Ксения Шалыгинага жана 3-орун  Виктория Калашниковага тапшырылды.


2003-2004-ж.т. кыздар арасында 1-орунду Валерия Юрасова, 2-орунду Настасья Тарасова жана 3-орунду Настя Понамарчук алды.


2005-ж.т. жана андан кичүү кыздар арасында 1-орунга Софья Долгова, 2-орунга София Кан жана 3-орунга Софья Соловьева ээ болду.


«Болдринг» боюнча эркектер арасында 1-орунга  Ислам Каримов, 2-орунга Виталий Чепеленко жана 3-орунга Ильгиз Чингараев, ал эми кыздар арасында 1-орунга Дарья Пак, 2-орунга Софья Переплетов жана 3-орунга Мирослава Тен ээ болушту.


Мелдештин жеңүүчүлөрү Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.


Аталган мелдешти Шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгы Альпинизм федерациясы менен биргеликте уюштурду.