ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жазында жоогазындар ачат

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, калаанын айланасын жашылдандыруу максатында шаардык клумбаларга жоогазындар отургузулууда.

Ишкана 2 миң чарчы метр аянтка эрте гүлдөгөн жоогазындарды отургузууну пландоодо. Бардыгы 13 түрүнөн 120 миң баш жоогазын отургузулат. Бир баштын баасы – 12,50сомду түзөт. Учурда 74 миң баш гүл отургузулду. Ал эми отургузуу иштерин 2016-жылдын 10-ноябрына чейин бүткөрүү пландалууда. Жоогазындар аба –ырайына жараша марттын аягында – апрель айынын башында гүлдөй баштайт.


«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан 2016-2021-жж. Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү Концепциясы иштелип чыкты. Аталган  документ Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында бекитүүгө берилет.