ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Сейтекте» кыргыз улуттук оюндары ойнолду

Кыргызстанда расмий белгиленип жаткан 2016 - "Тарых жана маданият" жылынын алкагында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн - “Сейтек” улуттук борборунда Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын арасында Кыргыз элдик оюндарынын фестивалы болуп өттү.

Буга чейин, 2016-жылдын октябрь айында фестивалдын алкагында райондук мелдештер өткөн.  Ал эми, өтө турган фестивалда шаардык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.


Фестивалдын максаты салттуу билимдерди жана кыргыз элинин маданий-тарыхый мурастарын даңазалоо, жалпы билим берүү максаттарында элдик оюндарды таанып билүү жана колдонуу аркылуу балдарды кыргыз элинин маданиятына болгон кызыгуусун жандандыруу  болуп саналат.


Кыргыз элдик оюндарынын фестивалын Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду.