ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов администрациялык районунда социалдык маанидеги оорулар боюнча ведомство аралык координациялык комиссиянын жыйыны өткөрүлдү

Жолугушууга Мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, ветеринардык инспекциясынын өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, МАБ, үй, кварталдык комитеттер, ошондой эле мектептердин тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары катышты.

Ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Смагул Нуркалиев бодо мал, кичи жандыктардан жана иттерден жугуштуу ооруларды алдын алуу жана жоюу боюнча доклады менен чыгып, тамак-аштардын бардык талаптарга ылайыктуулугун көзөмөлдөө тууралуу айтып берди.


Мындан тышкары, «Кант диабетин алдын алуу», «Балдардын майыптуулук менен өсүшүнүн себептери» темаларында Свердлов районунун саламаттыкты сактоо боюнча куратору Анара Шакеева доклад окуду.


Жолугушуунун жыйынтыгында чечимдер чыгарылып, аткаруу мөөнөттөрү айтылды.