ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте аскага чыгуу боюнча ачык биринчилик жана шаардык чемпионат өткөрүлөт

4-ноябрдан 6-ноябрга чейин «Жаштардын жаңы макамы» АК чыгуу залында (И.Раззаков атындагы КТУ) аскага чыгуу боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт.

Мелдеш жаштар арасында спорттук аскага чыгууну жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу Бишкек шаарынын күчтүү аскага чыгуучуларын аныктоо максатында өтөт.


Чемпионатты  Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Бишкек шаарынын альпинизм федерациясы менен биргеликте уюштурууда.


Мелдеш ылдамдыгына, кыйынчылыгына жана боулдеринг жараша өтөт (чоң группалар арасында).


Спорттук аскага чыгуу мелдешине төмөнкү курактагы катышуучулар катышат:


2000-жылы туулган жана андан чоң


2001-2002-ж.т.


2003-2004-ж.т.


2005-ж.т. жана андан кичүү.


Мелдештин программасы:


4-ноябрда саат 16:00до боулдеринг боюнча мелдеш.


5-ноябрда саат 13:00до мелдештин ачылышы. Ылдамдыкка карата мелдеш. Жарым финал-Финал.


6-ноябрда саат 10:00до кыйынчылыгына карата мелдеш. Жарым финал-Финал.


Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын диплом, медаль жана баалуу белектери менен сыйланышат.