ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Муниципалитет кызматкерлерин Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов куттуктап, Бишкек шаары үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткарган иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи.


«Урматтуу кесиптештер! Сиздерди кесиптик Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздердин аркасынан шаарыбыз гүлдөп, өнүгүп жатат. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм»,-деди муниципалитет башчысы.


Ак ниет жана жемиштүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты:


- Арыккозуев Камчыбек Бекмаматович – «Бишкекасфальтсервис» МИ башкы инженери;


- Сарпашев Рыспек Анакович – «Тазалык» МИ директору;


- Шаменова Венера Абдурасовна –Бишкек троллейбус башкармалыгынын медициналык пунктунун жетекчиси;


- Женалиев Абдилхамид Абдыкадырович – Бишкек шаарынын мэриясынын «Алга-Бишкек» футболдук клбунун дарыгери;


- Акматов Куванычбек Увалиевич  – Октябрь  административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын  башчысынын орун басары;


- Мамырзакова Толкун Бактыбековна – Муниципалдык менчик башкармалыгынын жер тилкелерин ижаралоо бөлүмүнүн башкы адиси;


- Айтбаева Гульмира Мукаевна –Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык базарлар,  автотоктотмолор жана автокоюу жайлар дирекциясынын башкы эсепчиси;


- Мамытова  Жамалкан Бекмурзаевна – Ленин райондук администрациясынын социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары;


- Кузнецова Татьяна Анатольевна – Октябрь райондук администрациясынын социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары.


«Бишкек шаарынын мэриясынын Алтын төш белгиси» менен төмөнкүлөр сыйланышты:


- Абдрахманов Болотбек Усеналиевич – Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Биринчи май административдик району боюнча  башчысы;
- Кокоева Гулнара Маткасымовна – Бишкек шаарынын мэриясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы.


Ыраазычылык баракчасы Бишкек шаардык кеңешинин документациялык камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мадилова Алтынай Мадиловнага тапшырылды.


Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жана  түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин Бишкек шаардык кеңеши жана Мамлекеттик кадр кызматы куттуктады.