ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы КР Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өзгөчөлөнгөн социалдык кызматкерлерди сыйлады.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев  КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин атынан төмөнкү кызматкерлерге «Социалдык коргоонун отличниги» төш белгисин тапшырды:


-Тамара Курдюмова – Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери (иш тажрыйбасы 26 жыл);


- Раиса Попова- Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси (иш тажрыйбасы 22 жыл);


- Данахан Улукахунова  -  Свердлов районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери (иш тажрыйбасы 27 жыл);


Сатымкул Молдалиев -  «Коломто» МИ социалдык кызматкери (иш тажрыйбасы 19 жыл).


Ошондой эле КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ардак грамоталары жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.