ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы өз билемдик менен жерди басып алгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти «Мурас-Ордо», «Көк-Жар» жаңы конуштарында тиешелүү уруксат документтерисиз курулуш жүргүзүлүп жаткандыгын аныктады.

«Мурас-Ордо» конушунда №2217 жер тилкесине Ормонов А.А. тарабынан  тиешелүү уруксат документтерисиз 2,0мх25,0 м өлчөмүндөгү саман кирпичтен турак үйдүн курулуп жаткандыгы аныкталды. Департамент тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү эскертүүсү берилген. Учурда аталган үй түрттүрүлдү.


«Көк-Жар» конушун текшерүүдө Көк-Жангак көчөсү 110, 106, 108 даректеринде бузуулар аныкталып, үйлөрдүн ээлерине «Аныкталган бузууларды четтетүү» эскертүүсү берилди. Жыйынтыгында сарай жана дубалдар түрттүрүлдү.