ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

27-октябрда калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 27-октябрда саат 9:00 дон 20:00 го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат.

«Батыш-2» суу алгычын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу темир жол сызыгында, Фучик, Фрунзе көчөлөрүндө жана Манас проспектисинде таза суу берилбейт. Анын ичинде: Улуттук банкта, «Кыял», «Ош базар» ЖЧКда, «Берекет» ЖАК, «Берекет-Грант», «Берекет» соода комплексинде, «Берекет-Универсал» соода комплексинде, «Арпа» ААК, №2 клиникалык төрөт үйүндө,  №№8, 22, 72, 164,  165, 167, 73 бала бакчаларында, «Балдарды коргоо борборунда», Илимдер академиясында, №№9, 13, 31, 8, 2 мектептеринде, Бишкек шаардык финансы-экономикалык академиясында, Кыргызстан Эл аралык университет, Бишкек троллейбус башкармалыгы, №1 Шаардык клиникалык ооруканасында, ВЧ-4 өрткө каршы кызматында, УПП-2 ОСиГ, Бишкек эт иштетүүчү консервалык комбинатында, Бишкекборкомбинатында, Батыш РЭС, Жаш Гвардия бульвары 59 дареги боюнча Республикалык радиотелеборбордо, Фучик көчөсү 1 дарегиндеги Жогорку медициналык мектебинде, Ленин райондук сотунда,  №100 кесиптик лицейинде, Бишкекбашкыархитектурада, Бөкөнбаев көчөсү 182 дарегиндеги Улуттук тил комиссиясында таза суу берилбейт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана мекеме, уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.