ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Стомклиникалар калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору күн сайын калаанын санитардык абалын текшерет.

Кезектеги текшерүүдө Тоголок Молдо 305 дарегинде жайгашкан стоматологиянын айланасында таштандылар башаламан ташталып, антисанитардык абалга жеткендиги жана санитардык нормалар сакталбай, көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан ижарачы Бекмуратов Б. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.