ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек жана Шэньчжэнь шаарлары бир тууган шаарлардан болду

Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында калаа башчысы Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев Кытай Эл Республикасынын Шэньчжэнь шаарынан келген делегацияны кабыл алды.

Албек Ибраимов кытай тарапка кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын аймагында КЭР колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор активдүү ишке ашып жаткандыгын белгиледи.


Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, инфраструктуралык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгын айтып өттү.


Кезегинде бүткүл кытай элдик саясий кеңешинин Шеньчжэнь комитетинин төрагасынын орун басары Сью Йожун эки тараптуу кызматташуу чоң ийгиликтерди жаратарына ишенерин билдирип, Шэньчжэнь шаары тууралуу айтып берди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Шэньчжэнь жана Бишкек шаарларынын арасында бир тууган мамилени бекемдөө үчүн келишимге кол коюлду.


Жолугушууга Бүткүл кытай элдик саясий кеңешинин Шеньчжэнь комитетинин башкы катчысынын орун басары Чу Мин Ронг, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков жана Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңештин аппараттарынын бөлүм жетекчилери катышты.