ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкектин ардактуу атуулдары» сыйланды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев 25-октябрда кыргызстандын  жети жаранына  «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» сыйлыгын тапшырды.

Сыйлыкты тапшырып жатып Албек Ибраимов Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмерлерин жогорку наам менен куттуктап, кесиптүүлүгү, даанышмандыгы жана талыкпаган эмгеги  үчүн ыраазычылык билдирди.


«Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наам төмөнкүлөргө тапшырылды:


Байзаков Шейшенбек Калильбекович — ички иштер кызматынын генерал-майору,  укук коргоо органдарынын ардактуу ардагери, Баткен окуясынын катышуучусу;


Жайнаков Аманбек — физика-математикалык илимдин доктору, КР Илимдер  улуттук академиясынын академик, профессору, КР  эл мугалими;


Жолдошева Бурмайым —  КР эмгек сиңирген дарыгер, академик, РФ Укук коргоо, коопсуздук көйгөйлөрү академиясынын мүчөсү,  Н.И.Пирогов атындагы сыйлыктын лауриаты.;


Исмаилов Кошойбек Ибрагимович —  КР эмгек сиңирген дарыгери, «Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн» медалынын ээси, №6 клиникалык оорукананын башкы дарыгери;


Койбагаров Алмазбек Макишевич —«Кыргызавтосервис» ЖАК президенти;


Султангазиева Дүйшекан Бекешовна — КР өндүрүшүнө эмгек сиңирген кызматкер, Эл аралык конкурстардын дипломанты, 2009-жылдын мыкты вино өндүрүүчүсү жана бир нече сыйлыктардын ээси;


Шин Сергей  Романович — XXIV, XXV, XXVI  чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин депутаты.


Сыйлыктар Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы №198 токтомуна ылайык ыйгарылды.