ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунун башчысы районго сүт жеткирген «Жеңиш» дыйкан чарбасына барды

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков, бир нече бала бакчалардын жетекчилери, райондук билим берүү борборунун адистери жана акимиаттын социалдык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Ысык-Ата районунун «Жеңиш» дыйкан чарбасына барышты.

Свердлов районунун бала бакчаларына сүт жеткирген «Жеңиш» дыйкан чарбасынын төрагасы Жусупбек Молдокматов сүттү даярдоо процессин көрсөтүп айтып берди.


Анын айтуусу боюнча, 127 саан уй жана музоолору менен 200 дөй баш бар. Ишкана күн сайын 2,5 тонна сүт өндүрүп, анын ичинен 1,5 тоннасын Свердлов районуну бала бакчаларына жана калганын ооруканаларга таратат. Аталган ишкана үч жылдан бери Свердлов районун сүт менен камсыз кылып келет.


Чарбанын төрагасы бактериологиялык лаборатория, муздаткыч камералар жана жакында алынып келген жабдууларды көрсөтүп тааныштырды.


Мындан тышкары, Молдакматов кредит алып ишкананы кеңейтүүнү, саан уйларды көбөйтүүнү жана сүт азыктарынын түрлөрүн  өндүрүүнү пландоодо.


Өткөн жуманын башында Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбековдун  райондун бала бакчаларынын директорлору жана азык-түлүктөрдү жеткирүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу өткөрүлгөн.