ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте туруктуу үй-жайсыз адамдардын баш калкалоочу жайы иштөөдө

Калаанын аймагында туруктуу үй-жайсыз адамдар үчүн  туруктуу жана убактылуу негизде мекемелер иштейт.

Биринчи май районунун аймагында туруктуу негизде 70 кишиге ылайыкташтырылган «Коломто» баш калкалаар жайы иштейт.


2016-2017-жылдын кышкы мезгилине туруктуу үй-жайсыз адамдар үчүн бир маал тамактануу жана түнөө үчүн баш калкалаар жайлар калаанын эки районунда иштейт.
Свердлов районунда: Фере көчөсү №34 «А». Бул жай 40-50 адамды кабыл алат.


Октябрь районунда: А.Токомбаев көчөсү Октябрь районунун көрктөндүрүү боюнча комбинаттын аймагында 60 адамга ылайыкташтырылган бир маал ысык тамак менен камсыздаган баш калкалаар жай ачылды. Учурда аталган жайда 4 адам жашайт.


Мындан тышкары, туруктуу негизде Ленин районунда «Кайрымдуулук борбору» иштеп келет. Аталган жай 26 балалуу аял   үчүн бир маал тамактануу жана түнөө үчүн даярдалган.


Баш калкалаар жайлар жергиликтүү бюджеттен 2016-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын апрель айына чейин каржыланат жана ага 1,5 млн.сом каралган.